Улуттук Банк банктардын уставдык капиталынын өлчөмүнө талапты көбөйтөт

Улуттук Банк банктардын уставдык капиталынын өлчөмүнө талапты көбөйтөт

Жакынкы айларда Кыргызстандагы коммерциялык банктардын уставдык капиталынын өлчөмүнө карата талаптарды өзгөртүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Economist.kg басылмасына берген маегинде билдирди.

Абдыгуловдун айтымында, мындай чаралар каржы базарынын өнүгүшүнө жана «узак» мөөнөттүү насыялардын пайда болушуна шарт түзөт.

«Эмне үчүн бизде узак мөөнөттүү насыялар жок? Анткени бизде эң узак депозиттик мөөнөт 3 жыл. Банк узак мезгилге акча бериш үчүн, ал өз депозиттерин узартышы керек, же өзүнүн капиталы болуш керек. Базардын өзүнүн жеңилгис мыйзамдары болот», – деп түшүндүрдү ал.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы коммерциялык банктардын уставдык капиталына болгон талап 600 млн сом.

«2016-жылы парламентте «КРнын Улуттук Банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзам жактырылганда, биз банктарга 1.5 млрд сом уставдык капиталга талап коюуну суранганбыз. Парламент бизге жок деген жообун берген. Чакан банктар – бул жергиликтүү инвестициялар. Келгиле, 600 млн акчага талап коелу, андан кийин эки-үч жыл аралыгында алардын ар бири 100 млн кошсун дешкен. Ошол эле учурда, алар эмнеге экономикада узак мөөнөттүү ресурстар жетишпейт дешет. Уставдык капиталы болгону 600 млн болсо, ал каякка жетет? Эгерде уставдык капиталы 3 млрд болсо, банк өзүнүн 3 млрд сомуна ээ болот жана аны узак мөөнөткө насыяга бере алат», – деди Улуттук Банктын башчысы.

Ал белгилегендей, азыр Улуттук Банк жөнүндөгү каралып жаткан мыйзамга ылайык, банктардын уставдык капиталына карата жаңы талап киргизилмекчи.

«Жергиликтүү инвесторлорду дагы коргоо керек, ошондуктан биз алар үчүн түрдүү варианттарды издейбиз. Балким, биз чектелген лицензия беребиз, анын чегинде банк бойдон кала берет, бирок бардык кызматтарды көрсөтүшпөйт. Же болбосо, жаңы ачылган банктарга талап коёбуз. Бул кандай механизмдер болот – биз аны банктар менен чогуу талкуулайбыз», – деп түшүндүрдү Абдыгулов.

Коммерциялык банктардын уставдык капиталына болгон талап канчалык көбөйөрү азырынча белгисиз. Бирок, 2016-жылы Улуттук Банк бул сумманы 1.5 млрд сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылган.

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен болгон маекти толугу менен бул жерден окусаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "