Бийлик инвесторлордун социалдык инфраструктураларды куруусуна стимул берүүнүн жолун тапты
Маданият министрлиги инвесторлорду социалдык инфраструктураларды, тагыраак айтканда, маданий жана спорттук объектилерди курууга кантип түрткү берүүнү ойлоп тапты. Аталган бөлүм ушул максаттар үчүн жер тилкелерин 49 жылдык мөөнөткө берүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлуп, өкмөттүн сайтында жарыяланды.
Турак жай курулушунун көбөйүшү – социалдык инфраструктурага да суроо-талаптын өсүшүн шарттоодо. Бүгүнкү күндө маданият, дене тарбия жана спорт объектилеринин абалы эски жана алар жетишсиз болууда деп айтылат долбоордо.
Департаменттен белгилегендей, экономикалык көз караштан алганда, социалдык объектилерди куруу инвесторлор үчүн пайдалуу эмес. Мындай объекттер көпчүлүк учурларда өзүн актабайт, же салынган чыгымды узак убакытта гана актай алат.