Эмне үчүн Кыргызстанда дагы деле виртуалдык банктар жок? Абдыгуловдун жообу
Кыргызстандын коммерциялык банктары бардык заманбап банк кызматтарын көрсөтүшөт, бирок кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү үчүн өнүккөн мамлекеттик инфраструктура жетишсиз болууда. Бул тууралуу Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Economist.kg басылмасына берген маегинде билдирди.
«Көпчүлүк Россияда «Тинькофф банк» бар, эмне үчүн Кыргызстанда мындай жок дешет. Алар бизге келип, бул жерде абал кандай экенин көрүштү. Маселе, азыр биз Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Социалдык фонд жана башка ведомстволор болобу, бардык керектүү справкаларды электрондук түрдө ала албай жатабыз. Анда онлайн-банк кантип иш жүргүзөт?
Буга чейин мыйзамдык базаны курганбыз, бардык шарттарды түзүңүз да иштей бериңиз», – деди Абдыгулов.
Анын айтымында, мамлекеттик инфраструктура бардык керектүү маалыматтарды онлайн режиминде камсыздай турган деңгээлге жете элек.
«Бирок бардыгы ушул багытта бара жатат. Инфраструктура курулаары менен, мындай банктар пайда болот. Электрондук өкмөткө өтүү боюнча иш-чаралардын алкагында, банктар бул нерсе менен акырындап алектене башташты. Башкача айтканда, айрым өзгөчөлүктөрдү сыноодон өткөрүшүүдө. Учурда бул тууралуу Соцфонддон, МККдан, ИИМден маалымат ала баштагандар бар. Бул акырындап болчу нерсе.
Адегенде эле бир сектор алдыга кетип, калган тармактар артта калып калбайт. Баары биригип, жалпы өскөндө гана өнүгүү болот», – деп түшүндүрдү Абдыгулов.
Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен болгон маекти толугу менен бул жерден окусаңыз болот.