Хорватия Кыргызстанга кош салыкты жоюуну сунуш кылды
Хорватия Кыргызстанга экономикалык кызматташтык, кирешеге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча өкмөттөр аралык келишимдерди түзүүнү сунуш кылды.
Мындай сунушту Хорватиянын элчиси Рефик Шабанович экономика министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев менен жолугушууда билдиргенин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, тараптар кыргыз экономикасынын учурдагы абалын, кыргыз-хорват соода кызматташтыгынын деңгээлин, ошондой эле соода жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Иманалиев Экономика министрлиги Хорватия менен соода, инвестиция жана туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.