Кыргыз бийлиги Япониядан 1.1 млн доза коронавируска каршы вакцина сурады

Кыргыз бийлиги Япониядан 1.1 млн доза коронавируска каршы вакцина сурады

Вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова Япониянын КРгы элчисинен Япония өкмөтүнүн Кыргызстанга 1.1 млн доза коронавируска каршы вакцина берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көмөктөшүүнү суранды. Бакашова мындай өтүнүчүн бүгүн, 25-июнда Япониянын элчиси Сигеки Маэда менен болгон жолугушуусунда айтты.

Ал белгилегендей, вакциналарды сактоо үчүн вакциналардан тышкары жетиштүү деңгээлде муздатуучу шаймандар керек. «Мен Япония тараптын ушул оор мезгилде колдо көрсөтүп, калкты вакцинациялоонун зарыл чендерин камсыз кылууга олуттуу салым кошот деп ишенем», – деди Бакашова.

Япониянын элчиси министрлер кабинетинин өтүнүчүнө түз жооп берген жок. Ал калкты вакцинациялоонун жана керектүү санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоонун маанилүүлүгүн гана белгилеп өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,