Министрлер Кабинети COVID-19 боюнча чектөөлөрдү киргизбейт

Министрлер Кабинети COVID-19 боюнча чектөөлөрдү киргизбейт

Министрлер Кабинети бардык массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Бул тууралуу кечээ Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Андан тышкары, COVID-19 пандемиясы шартында ар бир жаран өз жакындарынын өмүрү жана ден-соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билиши керек, бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө анын салымы экендигин Министрлер Кабинетинин төрагасы баса белгиледи.

«Урматтуу жарандар, бүгүнкү күндө Министрлер Кабинети баардык массалык иш-чараларды өткөрүүнү кошпогондо, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Ошону менен бирге, ар бирибиз жакындарыбыздын өмүрү жана ден-соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезе билишибиз керек. Бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө биздин салымыбыз болот. 2020-жылдагы “кара июль” кандай болгондугун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин ден-соолугу жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, көп эл чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектеңиз», – деп Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды.

Мындан тышкары окуңуз

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда 5 кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп жатат

"Манас" эл аралык аэропортунда көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу уланып жатканын "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, бул аэропортту реконструкциялоо боюнча жалпы стратегиянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. "Биз жүргүнчүлөр үчүн заманбап жана ыңгайлуу инфраструктура түзүп жатабыз. Унаа

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкекте 8 автобус каттамынын кыймыл - чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, 8 автобус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тактап айтканда, №17, №32, №42, №145, №212, №215, №254 жана №14т каттамдары убактылуу Профсоюз көчөсү аркылуу жүрүшөт. Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсү менен Кайназарова көчөсүнүн ортосундагы

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Бишкекте бийик имараттарды курууда жаңы технологиялар колдонулууда

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов адистер менен бирге Бишкектеги көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан технологиялар менен таанышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Алар курулуштун жүрүшүн, инженердик чечимдерди жана техникалык коопсуздук чараларын карашты. Бийик имараттарда вертикалдык көтөрүүчү элементтер үчүн болот-темирбетон (курамдуу) конструкцияларын колдонуу

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "