Roche Diagnostics компаниясы КРнын лабораторияларына инвестиция салууга даяр

Roche Diagnostics компаниясы КРнын  лабораторияларына инвестиция салууга даяр

Roche Diagnostics компаниясы Кыргызстандын  лабораториялык инфраструктурасына инвестиция салууга даяр. Бул тууралуу 23-июнда Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) жана Roche Diagnostics компаниясынын Борбор Азия жана Кавказ аймактары боюнча өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болгонун ЭИКтин маалымат кызматы билдирди.

In vitro диагностика жаатындагы дүйнөлүк лидерлердин бири болгон компаниянын Орто Азия жана Кавказ боюнча регионалдык директору Хасан Демирчи баштаган делегация Кыргызстанга келип, мамлекеттик органдар жана ишкерлер менен байланыш түзүп жатканын уюмдан кабарлашты.

Компания Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого көмөктөшүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтын материалдык базасын чыңдоо менен лабораториялык инфраструктураны өнүктүрүүгө салым кошууга, онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоо боюнча пилоттук изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктөшүүгө даяр.

ЭИКтен кабарлагандай, 24-июнда компаниянын делегациясы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Roche Diagnostics – Швейцариянын Hoffmann-La Roche фармацевтикалык корпорациясынын бөлүмү. Ал илимий-изилдөө жана медициналык диагностика үчүн диагностикалык жабдууларды жана реагенттерди чыгарат.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,