Вице-премьер-министр донорлор менен жолугуп, КРнын Саламаттыкты сактоо жаатындагы муктаждыктар тууралуу айтты
Вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга ЮНИСЕФтин КРгы туруктуу өкүлү Кристин Жольм, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун КРгы өкүлү Назира Артыкова, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРгы өкүлү Андреа Баньоли, БУУ Аялдарынын КРгы өкүлү Улзисурен Жамсран катышты.
Бакашова, өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалды белгилеп, калкты эмдөөдөн өткөрүү ылдамдыгын жогорулатуу керектигин айтты.
«Бизге 6.4 млн доза вакцина же жок дегенде 5.2 млн доза керек. КРда коронавирустун жайылышына каршы турууда, айрыкча, саламаттыкты сактоо системасын колдоодо жана вакциналар маселесинде өнөктөштөр менен аракеттерди натыйжалуу координациялоо өзгөчө мааниге ээ», – деди ал.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары электрондук саламаттыкты сактоо системасын ишке киргизүүнү тездетүү, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар боюнча улуттук маалымат базасын түзүү, ошондой эле коронавирус оорусунан жапа чеккен жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү керектигине токтолду. Бишкек жана Ош шаарларындагы коронавирус менен ооруган кош бойлуу аялдарды дарылоо боюнча 118 кызматынын ишин колдоо тууралуу да сүйлөшүлдү.
БУУнун өкүлдөрү республикага колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгилешти. Алар БУУ кыска убакыттын ичинде КРда пандемияга каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жардам бере тургандыгын билдиришти.





