Ашхабад шаарында кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өттү
Президент Садыр Жапаров кечээ, 27-июнда, Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө барып, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган иш-чаралар Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында өттү.
Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Чары Гылыджов Мамлекет башчысын көргөзмө экспозициясы менен жана өлкөнүн газ жана газ өндүрүү, мунайды кайра иштетүү, химия өнөр жай тармактары, текстиль өнөр жайы, ошондой эле курулуш, айыл чарбасы, жер казынасын пайдалануу жана башка экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
Андан кийин, кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун ачылыш аземи болуп, анда Президент Түркмөнстандын мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөдү.
Ал Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын, анын ичинде, жалпысынан Европа Бирлигинин өлкөлөрүнө жана Америка Кошмо Штаттарына товарлардын 6 миңден ашык түрүн алымсыз киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү ВСП+ статусун; Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин миллиондогон рыногуна продукцияларды жеңилдетилген шартта экспорттоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу ЕАЭБге мүчөлүктү; жеткиликтүү квалификациялуу жумушчу күчүн, энергетика ресурстарын, либералдуу инвестициялык мыйзамдар менен салык тутумун тизмектеди.
Форумга экспорттук продукцияларды өндүргөн ири түркмөн ишканаларынын жетекчилери катышты.
Ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун алкагында Кыргызстан менен Түркмөнстандын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуулар болду, ар кандай профилдеги продукцияларды жеткирүү боюнча ишкерлер ортосунда эки тараптуу келишимдер менен контракттарга онлайн режиминде кол коюлду.
Бирок кандай келишимдерге кол коюлгандыгы тууралуу президенттин аппараты так маалымат бере элек.