Экономика жана каржы министринин орун басары казынада канча акча калганын айтты

Экономика жана каржы министринин орун басары казынада канча акча калганын айтты

Кыргызстандын мамлекеттик казынасында 23 млрд сомдон ашык акча бар. Бул тууралуу Экономика жана каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бакетаевдин айтымында, акыркы 5 айда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 66 млрд 852 млн сомду түздү, бул бекитилген пландан 3% га көп. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 64 млрд 896 млн сомду, чыгаша бөлүгү 64 млрд 80 млн сомду түздү. Бюджетке 1 млрд 956 млн сом көбүрөөк түшкөн.

Депутаттар киреше бөлүгү көбөйгөнүнө карабастан, республикалык бюджеттин абалы анчалык деле жакшы эмес экендигин белгилешти. Алар январь-май айларындагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат кечигүү менен келип түшкөнүн жана конкреттүү маалыматтарды камтыбагандыгын белгилешти. Парламент өкүлдөрү чиновниктердин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароону сунушташты.

Депутат Айбек Алтынбеков кошумчалагандай, Бажы кызматы бекитилген планды аткара алган жок, бул абалды жакшыртуу боюнча да эч кандай иш-аракеттер жасалган эмес. «Кадрлар жаңыртылды, бирок Бажы кызматынын иши жакшырган жок», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,