Сугат суунун тартыштыгы – Чүй облусунда суу лимитинен ашык кетирилген

Сугат суунун тартыштыгы – Чүй облусунда суу лимитинен ашык кетирилген

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Джунушалиев Чүй облусундагы дыйкан чарбаларын сугат суусу менен камсыз кылуунун абалы менен таанышты. Ал Чоң Чүй (БЧК) каналынын адистери менен таанышып чыгып, Панфилов, Жайыл жана Москва аймактарынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапары учурунда айрым өлчөөчү пункттарда суунун лимитинен ашык кетирилгендиги боюнча көптөгөн фактылар аныкталды, бул суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынан кабар берет.

Жеринде өлчөөчү бекеттердеги суунун белгиленген лимитин калыбына келтирүү боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, натыйжада, Чүй облусунун Панфилов районуна суунун керектүү көлөмүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бул фактылар боюнча, учурдагы мыйзамдарга ылайык, Айыл чарба министрлигине Чүй мамлекеттик суу чарба башкармалыгынын башчысынын кызматынан бошотулганга чейинки жоопкерчилигин карап, Чүй облусунун бардык райондук суу чарба башчыларын ротациялоо тапшырылды.

Маалымат кызматтан кошумчалагандай, сугат суунун абалы министрлер кабинетинин туруктуу көзөмөлүндө.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,