Тышкы башкаруу киргизилгенден бери Кумтөр 82 млн долларлык алтын сатты

Тышкы башкаруу киргизилгенден бери Кумтөр 82 млн долларлык алтын сатты

«Кумтөр Голд Компаниге» убактылуу тышкы башкаруу киргизилген күндөн бери 44 миң унция алтын сатылды. Жалпы киреше 82.2 млн долларды түзгөнүн компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Алтындын дүң кирешеси 40.3 млн долларды түзсө, өздүк наркы дээрлик 42 млн доллар болгон.

Алтындын баасынын өзгөрүп турушунан улам, 16 миң унция алтындын биринчи партиясы бир унцийи 1813 доллардан сатылса, 28 миң унция алтындын экинчи партиясы, 1893 доллардан сатылган. Компаниянын билдирүүсүндө баалуу металлды сатып алуучулар жөнүндө эч кандай маалымат жок.

Белгилей кетсек, компания алтын сатууда бир катар кыйынчылыктарга туш болгон эле. Буга чейин «КГК» компаниясынын тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүк мындан ары кендеги алтындын бардыгын Улуттук Банк сатып алаарын айткан. Ал тургай биринчи келишимдин суммасын 29 млн доллар болду деп билдирген эле. Бирок, көп өтпөй Улуттук банк Кумтөрдөн алтын сатып алуу чечими кабыл алына электигин айтып, бул маалыматты четке каккан болчу.

Адистердин айтымында, алтынды Улуттук Банктын депозитинен сатып алуу шашылыш кадам болуп калышы мүмкүн. Анткени Centerra Golc Inc. регуляторду кошо айыпталуучу катары жоопко тартса, бул өз кезегинде Кыргызстандын алтын-валюта резервдерине доо кетирет.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,