УБнын башчысы Абу-Даби Ислам Банкынын өкүлдөрү менен жолугушту – жаңы банк ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

УБнын башчысы Абу-Даби Ислам Банкынын өкүлдөрү менен жолугушту – жаңы банк ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Абу-Даби Ислам Банкынын (ADIB) глобалдык эл аралык ишкерлер тобунун башчысы Абдулла Зайд Аль Шеххи жана ADIB эл аралык бизнес компаниясынын финансылык директору Майкл Мюррей менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда регулятордун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ислам банкингинин КРда ишин мындан ары өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелерин жана каржылоонун исламдык принциптеринде иштеген толук кандуу банкты түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашканын Улуттук Банктын маалымат кызматы кабарлады.

Абу-Даби Ислам банкы (Abu Dhabi Islamic Bank) – 1997-жылы БАЭнин Абу-Даби Эмиратындагы биринчи ислам банкы катары катталган. Учурда ADIB Улуу Британияда, Сауд Аравияда, Египетте ийгиликтүү иштеп жатат жана эл аралык рейтинг агенттиктери тарабынан жогору бааланып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Электр энергиясынын жоготуулары 5-10%га төмөндөдү

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргызстандын Борбор Азиянын энергошакекчесине катышуусу тууралуу маселени көтөрдү. Ал буга чейин өлкөнүн энергошакекчеден чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланганын эске салды. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов маалымдагандай, энергошакекче ишин улантууда жана учурда андан чыгуу маселеси карала элек. "

МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды

МИК 5 айлык баласы менен курьер болгон келинге батир тапшырды

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен. Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат

"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда. Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат: * Сары-Бел жайлоосунда 110/35/6 кВ көмөкчордону; * 110/10 кВ "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунан Сары-Белге чейин 110 кВ аба

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкцияларга катуу нааразылык билдирди

Кытай Англия киргизген жаңы санкциялар боюнча катуу нааразылык билдиргенин өлкөнүн Соода министрлигинин расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, Англия Кытай ишканаларына каршы "Россия менен байланыш" деген жүйө менен киргизген чаралар — эл аралык укуктук негизге ээ эмес жана БУУ тарабынан мандат албаган бир тараптуу санкциялар болуп саналат. Украинадагы кырдаалга токтолуп,