Бишкектеги кафе, ресторан жана дүкөндөргө санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пул салынды

Бишкектеги кафе, ресторан жана дүкөндөргө санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пул салынды

Бишкек мэриясы бир катар кафе-ресторандарга жана дүкөндөргө маска режимин сактабагандыгы, кире бериште дезинфекциялык килемдердин жоктугу, антисептиктер жана кызматкерлердин саламаттыгын сактоо китеби жоктугу үчүн айып пул салды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

3 миң сомдук айып пулдар «Арпа», «Кавказский дворик», «Вкус востока», «Арсан», «Империя пиццы», Beef burgers кафелерине жана «Асман»,  «Насип» ресторандарына салынды. Андан тышкары, Brand Mix (ТРЦ «Азия Молл»), Skill ( «Бишкек Парк» СБ), Greyder («Бишкек Парк» СБ) дүкөндөрүнө, «Фрунзе» («Бишкек Парк» СБ), «Бимар» супермаркети, «Fix Price» дүкөндөрү да санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузган.

Ошондой эле, «Народный» соода үйүнүн эки филиалына, «Партнер KG» компаниясынын филиалдарына, «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренеси боюнча 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 1 млн 250 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилет

Быйыл 1 млн 250 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилет

2026-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлерге, 432 миң гектары кайрак жерлерге туура келет. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 млн 245,6 миң гектарды түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен

Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча пландуу оңдоо иштери башталды. Министрликтин тапшырмасына ылайык, "НЭСК" ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы март айынан ноябрь айына чейин иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Пландалган иштердин алкагында: * 113 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт; * 10–6/0,4

Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Депутат Дастан Бекешев көп кабаттуу үйлөргө LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 2-мартта Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинде биринчи окууда каралды. Бекешев мурда президент борбор калаада мындай жарнама экрандарын көчөлөргө орнотууга тыюу салганын эске салды.

Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда

Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда

Борбор калаада Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде Жаш техниктер станциясынын жаңы, заманбап имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле фасаддык жумуштар аткарылууда. Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин жалпы аянты — 0,