Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча пландуу оңдоо иштери башталды. Министрликтин тапшырмасына ылайык, "НЭСК" ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы март айынан ноябрь айына чейин иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Пландалган иштердин алкагында:

  • 113 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;
  • 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 51 чакырымдан ашык аба чубалгылары оңдолот;
  • 6 кВ чыңалуудагы 5 чакырым аба чубалгысы СИП-3 зымдарына алмаштырылат;
  • 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 2 чакырымдан ашык кабелдик чубалгы реконструкцияланат;
  • 25 трансформатор кубаттуулугу жогору жабдууларга алмаштырылат;
  • 2 даана шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон орнотулат.
Мындан тышкары, 575 трансформатор жана 560 чакырым аба чубалгылары кезектеги оңдоодон өткөрүлөт. Иш-чаралар "КУЭТ" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Аталган иштер электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык кырдаалдарды азайтууга жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Пландалган жумуштардын графиги www.bipes.nesk.kg расмий сайтында жарыяланат. Ошондой эле маалыматтар "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткирилет.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media