Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Депутат Дастан Бекешев көп кабаттуу үйлөргө LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 2-мартта Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинде биринчи окууда каралды.

Бекешев мурда президент борбор калаада мындай жарнама экрандарын көчөлөргө орнотууга тыюу салганын эске салды. Анын айтымында, бул туура чечим болгон, анткени XXI кылымда Бишкек заманбап жарнама форматтарына өтүшү керек. Бирок, БШК жана Бишкек мэриясы бардык жагдайларды терең билбей туруп, LED-экрандарды чоң соода борборлорунан башка жерлерге орнотууга тыюу салган.

Депутат Турак жай менчигинин шериктештигине(ТМШ) магистраль жолдордо эмес көп кабаттуу үйлөрдүн имараттарына LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуш кылды. Бекешевдин пикири боюнча, бул киреше булагы ТМШга үйдүн айланасын оңдоп-түздөөгө жана имараттарды ремонттоого жардам берет.

"Конституцияга ылайык, экономикалык ишмердүүлүккө тыюу мыйзам менен гана киргизилиши мүмкүн, бирок мэрия жана БГК бул тыюуну өз буйругу менен киргизген. Азыр бул ТМШлар мамлекеттен подъезддерди ремонттоо үчүн каражат сурап жатат", — деди Бекешев.

Айрым депутаттар бул Бишкекте хаос жаратышы мүмкүн деп эскертишти, башкалары болсо ишкерлерди колдоо зарыл экенин белгилешти.

Комитеттин төрайымы Токтобубу Ашимбаева мыйзам долбоорунда бир катар олуттуу карама-каршылыктар бар экенин айтып, эгер экинчи окууда алар жоюлса, долбоордун концепциясы өзгөрөрүн белгиледи. Соңунда комитет жарнама тууралуу мыйзамга киргизилген сунуштарды четке какты.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media
Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media