Кыргызстан Азербайжанга «Алят» ЭЭА менен «Бишкек» ЭЭАнын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты түзүүнү сунуштады
Ушул жылдын 1-июлунда КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжан Республикасына расмий сапары башталды. Иш сапары алкагында министр «Алят» эркин экономикалык аймагынын Ыйгарым укуктуу түзүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Валех Алескеров менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Казакбаев башкаруу структураларынын деңгээлинде дагы, тышкы экономикалык иш-аракеттердин субъекттеринин деңгээлинде дагы «Алят» ЭЭА менен «Бишкек» ЭЭАнын ортосунда эки тараптуу байланыштарды жана өз ара пайдалуу ишкердик кызматташтыкты орнотууну, ошондой эле соода жана инвестицияларды көбөйтүүнү сунуш кылып, Алескеровду КРга келип кетүүгө чакырды.
Министр Р.Казакбаев КРнын Министрлер Кабинетинин ири чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча ченемдик укуктук базаны даярдоодо жана инвесторлор үчүн зарыл шарттарды жана кепилдиктерди түзүүдө тажрыйбаны үйрөнүүгө жана кабыл алууга кызыкдар экендиги жөнүндө маалымдады.
- «Алят» ЭЭА 2020-жылдын май айында соода-логистикалык борбор катары түзүлгөн. «Алят» ЭЭА дүйнөлүк деңгээлдеги транзиттик жана логистикалык инфраструктура менен ишкер чөйрөнү камсыз кылууга, жогорку наркы бар продукцияны экспорттоого багытталган. Ошондой эле «Алят» ЭЭА өз ишин 2022-жылы июль айында баштайт.