Кыргызстандын дүйнөлүк киберкоопсуздук индексиндеги позициясы көтөрүлдү
Кыргызстан 2020-жылы дүйнөлүк киберкоопсуздук индексинде 111-орундан 92-позицияга – 19 пунктка көтөрүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Дүйнөлүк кибер коопсуздук индекси юридикалык, техникалык, уюштуруучулук сыяктуу көрсөткүчтөрдү эске алат. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 2020-жылдын аягына карата КР киберкоопсуздук жаатында өсүштү көрсөтүп, 7-орунда турганын министрликтен билдиришти.
Киберкоопсуздуктун жол картасын ишке ашыруунун алкагында, эки жылдын ичинде мамлекеттик программалар, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана киберкоопсуздукту өнүктүрүү стратегиялары жана концепциялары иштелип чыгып, бекитилген. Ошентип, укуктук демилгелердин алкагында маалыматтык коопсуздук концепциясы жана кибер коопсуздук стратегиясы кабыл алынган. Министрликтин маалыматына таянсак, учурда «КРнын маанилүү маалыматтык инфраструктурасын коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип жатат.
Эске салсак, 2019-2021-жылдар аралыгында улуттук кибердик машыгуулар өткөрүлгөн. Өкмөттүн алдындагы маалымат жана киберкоопсуздук боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Азыркы учурда, KOICA менен биргеликте, Коопсуздук борборун түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда.