Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуудан үнөмдөлгөн акча – калган атка минерлердин айлыгын көбөйтүүгө жумшалат
Мамлекет кызматкерлерин 30%га чейин кыскартуунун натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттар – калган атка минерлердин эмгек акысын көтөрүүгө жумшалат. Бул тууралуу президенттин Администрация башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.
Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30%га же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 млрд сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт.
«Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Анткени, Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысын пособие катары төлөп беришибиз керек», – деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.
Учурда Экономика жана финансы министрлиги Жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштады, ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча жумуш алпарылууда. Аталган комиссия ар бир министрлик, ведомстволорду карап чыгып, дагы бир жолу анализдеп, андан кийин конкреттүү түрдө сунуштарды берет.
Ал эми Президенттин Администрациясы боюнча Адылбек Касымалиев структурада кыркартуулар болгонун, учурда анализдөө иштери жүрүп жатканын, кыскартуу боюнча иштер улантыларын баса белгиледи.