УБ кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөөгө өткөрдү – COVID-19

УБ кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөөгө өткөрдү – COVID-19

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу КРнын Улуттук банкы 2021-жылдын 2-июлунан тартып кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана Өлкө аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана андан ары тарап кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча республикалык штабдын сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянып, КРнын Улуттук банкы 2021-жылдын 2-июлунан тартып кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алды.

Ошол эле учурда КРнын мыйзамдары менен белгиленген Улуттук банктын ыйгарым укуктарынын жана иш милдеттеринин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылган иш процесстери штаттык режимде иштеп жаткандыгын банктан маалымдашты.

Бирок COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, Улуттук банкта жарандарды жеке кабыл алуу иши убактылуу токтотулду.

  • Жарандардын кайрылуулары мыйзамда белгиленген тартипте каралат. Улуттук банктын ишине тиешелүү расмий маалымат www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган. Бардык суроолор менен mail@nbkr.kg электрондук почтасы же 0312 61 04 86 телефону аркылуу коомдук кабылдамага кайрылууну сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл 1 млн 250 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилет

Быйыл 1 млн 250 миң гектар аянтка айыл чарба өсүмдүктөрү себилет

2026-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 млн 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлерге, 432 миң гектары кайрак жерлерге туура келет. Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 млн 245,6 миң гектарды түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен

Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча пландуу оңдоо иштери башталды. Министрликтин тапшырмасына ылайык, "НЭСК" ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы март айынан ноябрь айына чейин иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Пландалган иштердин алкагында: * 113 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт; * 10–6/0,4

Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Д.Бекешев: LED-экрандарды үйлөргө орнотууга уруксат беришибиз керек

Депутат Дастан Бекешев көп кабаттуу үйлөргө LED-экрандарды орнотууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 2-мартта Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинде биринчи окууда каралды. Бекешев мурда президент борбор калаада мындай жарнама экрандарын көчөлөргө орнотууга тыюу салганын эске салды.

Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда

Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда

Борбор калаада Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде Жаш техниктер станциясынын жаңы, заманбап имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы. Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле фасаддык жумуштар аткарылууда. Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин жалпы аянты — 0,