«Ысык-Көл» аэропорту бүгүн Алматыдан алгачкы аба каттамын тосуп алат
Алматыдан Ысык-Көлгө жаңы каттам ачылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
2021 жылдын жай мезгилин утурлай «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту бүгүн, 2-июлда Алматыдан (Казакстан) алгачкы каттамды тосуп алмакчы.
SCAT авиакомпаниясы Алматы – Тамчы – Алматы маршруттук багытындагы каттамды жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүүнү пландоодо. Учуу убактысы 40 мүнөт.