Түркия Бишкек мэриясына сунуштап жаткан автобус канча турат?

Шаардык муниципалитет түрк автобустарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн изилдөө үчүн кечээ, 3-июлда Бишкек шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «ВМС» түркиялык автобус чыгаруучу ишкананын директору Мурат Ялчин менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Компания өз продукциясын тааныштырып, чыгарылган автобустардын ассортименти тууралуу айтып берди. Жолугушуунун жыйынтыгында муниципалитет сунушталган продукциялардын каталогун изилдеп, мурда компаниянын автобустарын сатып алган өлкөлөрдүн тажрыйбасын талдоо чечимин кабыл алды.

  • BMC компаниясы 1964-жылы Измир шаарында негизделген. Ал автобустарды гана эмес, аскердик техниканы чыгаруу менен да алектенет. Компаниянын арсеналында шаарлар аралык, чоң, орто жана кичи класстагы көптөгөн автобустар бар.

Мэрия карап жаткан 1 автобустун орточо баасы канча турат?

BMC Sanayi ve Ticaret A.Ş. ишканасынын расмий сайтына кирип карасак, шаар ичи жүрүүчү BMC жаңы муундагы процити (12 M) дизель, төмөн пол, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да ылайыкташтырылган, коомдук типтеги (26 отурган жүргүнчү + 77 турган жүргүнчү + 1 айдоочу) автобустун баасы түркиялык салыкты эске алганда 19 млн сом же 225 миң доллардын тегерегинде турат.

Автобустар кайсы акчага алынат?

Эскерте кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга жалпы наркы 33 млн евро насыя берет. Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкуловдун берген маалыматына ылайык, насыяга Европада жасалган, жаратылыш газы менен жүрүүчү 250дөн 350гө чейин автобус сатылып алынат деп билдиришкен эле мэриядан.

Министрлер кабинети менен ЕРӨБдүн ортосунда түзүлгөн келишим ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде колдоо тапкан болчу.

Долбоордун жалпы наркы 33 млн еврону түзөт, анын 25 млн евросу насыя түрүндө, 8 млн евро гранттык жардам жана 1.7 млн евро техникалык жардам катары бекер берилет. Насыя 1% менен 12 жылга, анын 3 жылы жеңилдетилген мөөнөт менен берилүүсү пландалууда.

Жогорку Кеңеш келишимди ратификациядан өткөрүүнү сентябрда карайт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун