Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Марипов: Түркия менен товар жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү керек

Назира Абдиева

Улукбек Марипов өлкөгө Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесине катышуу үчүн келген Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда: «Менин пикиримде, биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин 1 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн күч-аракетти жумшоо зарыл. Келечектүү орто жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык фонд түзүүнү сунуштайбыз», – деди Марипов.

Улукбек Марипов ошондой эле социалдык-гуманитардык тармактагы кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Ал Түркия Республикасынын Өкмөтүнө коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепеттерин жоюуда көрсөтүлүп жаткан көмөгү жана жакын арада берилген 150 миң доза вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин ар кыл багыттарда ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости