ОКӨФтүн долбоорунун портфели 387 млн долларга жетти
1-сентябрга карата Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 387.5 млн долларлык 3 миңден ашык насыя бергенин фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Фонддун портфелиндеги долбоорлордун жарымынан көбү өндүрүш секторунан (35%) жана агроөнөр жай комплексинен (24%) турат. Маанилүү үлүштү туризм долбоорлору (13%) жана инфраструктураны өнүктүрүү (12%) ээлейт.
Ошол эле учурда эң көп насыя Бишкекте – 545 жана Чүй облусунда – 594 берилген. Кредиттердин саны боюнча үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу турат – 535.