Тамак-аш азыктары дээрлик 8%га кымбаттады

Тамак-аш азыктары дээрлик 8%га кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу) жалпы республика боюнча баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 7.6%га кымбаттады. Бул тууралуу Улутстатком билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча:

  • керектөө баалары – 6.2%
  • тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктар – 7.6%
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 9.3%
  • азык-түлүк эмес товарлар – 5.3%
  • калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 2.3%га кымбаттады. 

Ушул мезгилдин ичинде эң чоң баалардын өскөнү төмөндөгү азыктарга байкалды:

  • гречка – 32.4%
  • лимон – 30.7%
  • тамак-аш өсүмдүк майы – 20.8%
  • чочко эти – 20.4%
  • койд эти – 19.7%
  • кумшекер – 19.5%
  • балык – 10.8%
  • уйдун эти – 10.0%
  • кондитердик азыктар – 7.0%га жогорулаган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда мамлекеттик программа алкагында жаңы баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын ишкерлерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын башында өкмөттүн чечими менен 2030-жылга чейин иштей турган долбоор бекитилген. "Стартаптарды ар кандай багыттар боюнча колдоого алышат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин