Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын алууга жарыяланган тендер жокко чыгарылды

Транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын алууга жарыяланган тендер жокко чыгарылды

Эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого жарыяланган тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак.

Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518.5 млн сом сунуштаган «Гознак» ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогоруламак.

Ушул жылдын 26-августунда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши текшериле баштап, эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн, 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда стартаптарга 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргызстанда мамлекеттик программа алкагында жаңы баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын ишкерлерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын башында өкмөттүн чечими менен 2030-жылга чейин иштей турган долбоор бекитилген. "Стартаптарды ар кандай багыттар боюнча колдоого алышат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Океандардагы балык биомассасы жылыга 20%га кыскарып жатат

Испаниянын табийгый илимдер улуттук музейи менен Колумбиянын улуттук университетинин окумуштуулары океандын узак мөөнөттүү ысышы балыктардын биомассасынын жыл сайын туруктуу кыскарышына алып келерин аныкташты. Айрым учурларда бул кыскаруу 19,8% га чейин жетет. Изилдөө Жер ортолук деңизинин, Түндүк Атлантиканын жана Тынч океандын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн сууларын камтыды. Окумуштуулар 1993–2021-жылдар аралыгында дээрлик

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

Кайсы товарлар КНСтан бошотулат?

МинКаб азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктогу бааларды турукташтыруу боюнча чараларды бекитти. Тиешелүү №816 токтомго (2025-жылдын 22-декабры, 2026-жылдын 12-февралындагы №90 редакциясы менен) Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Документке ылайык, айрым азык-түлүк товарларына жана чийки затка кошумча нарк салыгы (КНС) 0% өлчөмүндө белгиленет. Бул жеңилдик ички жеткирүүгө да, импортко

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнөт

2026-жылы Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин насыяларын субсидиялоого 399 млн сом бөлүнгөнүн "Биринчи радио" эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес-чөйрө саясаты башкармалыгынын ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Уметалиев билдирди. Анын айтымында, мамлекет ишкердикти өнүктүрүүнү активдүү колдоп, республикалык бюджеттен бизнеске насыя берүүгө каражат бөлүүдө. Жеңилдетилген насыялоо программасы 2030-жылга чейин