Өзбекстан КРга 500 тонна үрөн бекер берди
Өзбекстан КРга 500 тонна бекер, калган 500 тоннасынын акчасын кийинки күздүн жыйынтыгы менен берүү шарты менен үрөн берди. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Биринчи Радиого берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 180 миң гектар жерге 40 миң тонна үрөн керек. Анын ичинде аны жаңыртуу маселеси турат. Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен макулдашуусуна ылайык, КРнын түштүк аймагына асыр жана давыр күздүк буудайдын эки сорту келди, ал учурда республиканын аймактарына таратылып жатат.
«Өзбекстандан келген 500 тонна үрөн 35 сом менен берилди. Дыйкандарга кийинки жылы кайтаруу шарты менен учурдагы базар баасынан төмөн берилип жатат. Дагы Казакстан 1000 тонна жүктөлүп жатат, жакында келет», – деди министр.