Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт.

Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17 миң жаңы көчөт отургузуу пландалууда. Мындан тышкары, мэрия 50 миң көчөт сатып алууда. Алар питомниктерде жергиликтүү климатка ылайыкташтырылып, 2027-жылы отургузулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө эң жогорку көрсөткүчкө жетти

29-июнда өлкөнүн энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 47 млн 112 миң кВт/саатка жетти. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коому билдирди. Ишкананын маалыматына караганда, бул — жай мезгилинде катталган тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын 29-июнунда керектөө болжол менен 40 млн кВт/сааттын тегерегинде

Кеминдин дизайн-коду боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кеминдин дизайн-коду боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кемин шаарынын борбордук бөлүгүндө жеке ишкерлер менен жолугушуу уюштурулуп, шаардын дизайн-коду жана архитектуралык бирдиктүү көрүнүшү боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө шаардын сырткы келбетин иретке келтирүү, фасаддарды бирдиктүү стандартка ылайыкташтыруу, көрнөк-жарнактарды тартипке салуу жана жалпы шаардык эстетиканы жакшыртуу маселелери талкууланды. Жеке ишкерлер

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан бала бакча ачылды

Ошто климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан бала бакча ачылды

Ош шаарындагы №76 Курманжан датка бала бакчасы климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан технологиялар менен жабдылып, жаңыланып, кайра пайдаланууга берилди. Калаа мэриясынан билдиришкендей, ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, бала бакчанын жамааты жана ата-энелер катышты. Иш-чарада Масуда Айдарбекова өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, жаңыланган

1-июлдан тарта кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

1-июлдан тарта кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр күтөт?

2026-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда социалдык төлөмдөрдөн тартып транспорт, миграция жана такси тармагына чейин бир катар жаңы өзгөрүүлөр күчүнө кирет. Алардын айрымдарын эске салабыз: -        1-июлдан баштап, Президенттин Жарлыгынын негизинде өлкөдө “Бала ырысы” мамлекеттик жөлөк пулу күчүнө кирип, 3 жашка чейинки бардык балдарга, үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, ай сайын