2020-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фонду КРнын мамлекеттик бюджетине 25 млн сом которгон

2020-жылы Фонд КРнын мамлекеттик бюджетине 24.9 млн сомдон ашык которгон (КР Социалдык фондго чегерүүлөр, киреше жана башка салыктар). Бул тууралуу фонддун жылдык отчетунда айтылат.

Фонддун ишмердиги үчүн өлкөгө 26 жылдын ичинде 107.4 млн АКШ доллары акысыз келип түшкөн.

2020-жылы COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүүгө болсо «Сорос-Кыргызстан» КРга дээрлик 2 млн доллар тарткан.

COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттар программанын бюджетинен бөлүнгөн:

  • Коомдук саламаттык сактоо – 1 120 489 доллар
  • Билим берүү программасы – 209 231 доллар
  • Укуктук программа – 287 005 доллар
  • Маалыматтык программа – 40 000 доллар
  • ЖМКларды өнүктүрүү программасы – 133 176 доллар
  • «Жарандык катышуу» программасы – 37 913 доллар

Ал эми 2020-жылы Фонддун жалпы бюджети – 4 763 333 долларды түзгөн.

«Биз COVID-19 жана анын кесепеттери менен күрөшүүгө кошумча каражаттарды тартуу боюнча аябагандай чоң иштерди жүргүздүк. Жалпысынан 2020-жылы Ачык коом Фонддорунун резервдик ресурстарынан 1.5 млн долларды тарттык жана биздин жеке салымдарыбызды эсепке алуу менен, «Сорос-Кыргызстан» Фонду пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө Өзгөчө фонддун алкагында 1.8 млн доллар жумшады», – деп айтылат отчетто.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун