Динара Кемелова КРнын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды
Динара Кемелова КРнын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КРнын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кемелова Динара Амантуровна, резиденциясы Сеул шаарында жайгашып, ишти айкалыштыруу менен КРнын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.