Жарандар эми мобилдик тиркеме аркылуу башкы прокуратурага кайрылса болот

Жарандар эми мобилдик тиркеме аркылуу башкы прокуратурага кайрылса болот

Жарандардын укуктук аң-сезимдерин жогорулатуу максатында Башкы прокуратура тарабынан практикалык кеңештер камтылган «Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу БПнын маалымат кызматы билдирди.

«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси коомчулуктун суроо-талаптарын эске алуу менен жарандарга юридикалык жардам көрсөтүүгө жана прокуратура органдарына кайрылууга ыңгайлаштырылган.

Тиркеме аркылуу:

  • Күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү
  • Үй-бүлөлүк маселелер
  • Мүлктүк талаш-тартыштар
  • Пособие, пенсия дайындоо
  • Бийлик органдарынын милдеттери боюнча көйгөй жараткан маселелерди окуп, түшүнүп алса болот.

Андан сырткары, электрондук кабылдама да бар. Эгерде кайсы бир кызматкерге арыздар болсо, аны түз жөнөтүүгө да мүмкүнчүлүк каралган.

Аталган мобилдик тиркемени Play market платформасынан жана КРнын Башкы прокуратурасынын www.prokuror.kg расмий сайтынан көчүрүп алууга болот.

«Прокурордун кеңештери» мобилдик тиркемеси Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «КРда укук үстөмдүгү – 2-чи фаза» Программмасынын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылды. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында быйыл миңге жакын эски бак-дарактар кыйылат

Бишкек шаарында 2026-жылы 800дөн 1 миңге чейин эски бак-дарактарды кыйуу пландалып жатканын Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Анын айтымында, негизинен эски терек жана кара жыгач дарактары кыйылат. Иштер шаардын 50 көчөсүндө жүргүзүлөт. Анын ордуна ири көлөмдө жашылдандыруу иштери аткарылат. 2026-жылы 17

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

Кыргызстанда 2026-жылы 113 өнөр жай мекемесин ачуу пландалган

2026-жылы Кыргызстанда 113 өнөр жай долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын "Биринчи радио" эфиринде Экономика министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын өнөр жай тармагын талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Санирабига Молдогазиева билдирди. Анын айтымында, негизги басым курулуш материалдары тармагына жасалат — 43 ишкана. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагында 16 ишкана, жеңил өнөр жайда жети

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Аскер прокуратурасы УКМКдагы коррупцияны аныктап, 5 адам камалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.Э.Ж. башында турган коррупциялык топ аныкталганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган кызматкер УКМКнын өкүлдөрүнөн жана жарандардан турган туруктуу топ түзүп, жеке баюу максатында иш алып барган деп шектелүүдө. Бул факт боюнча "Коррупция&

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Быйыл Кыргызстан региондору кандайча өнүгөт?

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүүнү пландоо, талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Нурия Момункулова "Биринчи радио" эфиринде 2026-жылы Кыргызстан аймактарын өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди. Ал 2025-жылдын март айында кабыл алынган аймактарды комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа 20 жылга эсептелгенин жана ар беш жыл сайын жаңыланып турарын