Дүйнөлүк банк КРнын аймактарын өнүктүрүүгө 50-60 млн доллар бөлүшү күтүлүүдө

Кечээ, 30-октябрда КРнын экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен онлайн жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн жолугушуу учурунда Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоору талкууланды.

Аталган долбоордун максаты бир катар секторлорго максаттуу интервенция жасоо жолу менен Баткен облусунун аймактык экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берүү болуп саналат.

Долбоор 6 жылдык мөөнөт менен Дүйнөлүк банк тарабынан болжол менен 50-60 млн долларга жүзөгө ашырылат жана ишмердүүлүктүн төмөндөгүдөй 6 компонентин камтыйт:

  • Аймакты туруктуу өнүктүрүүнү пландаштыруу
  • Муниципалдык инфраструктураны жана базалык мамлекеттик кызматты колдоо
  • Айыл чарба азык-түлүк кластерин күчөтүү
  • Чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасы
  • Мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга каршы туруу
  • Долбоорду жүзөгө ашырууну колдоо, көзөмөлдөө жана баа берүү.

«Бул айыл чарба активдерин же кызматтарын алган дыйкандардын, шаардык жана айылдык өндүрүшчүлөрдүн санынын өсүшүнүн натыйжасында күтүлүүдө жана инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулаткан, кирешелүү рынокторго жетүүнү камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жыйынтыгында бул чакан гранттар программасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын санынын өсүшүнө алып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун