Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү – эми ЖТПнын директорун Министрлер кабинети дайындайт, дос-тууган, тааныштарын

Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү – эми ЖТПнын директорун Министрлер кабинети дайындайт, дос-тууган, тааныштарын

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «КРнын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Технологиялар Паркынын директорун Министрлер Кабинети дайындайт.

Ага ылайык:

«ЖТПнын дирекциясы өз ишин КРнын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзөт.

ЖТПнын дирекциясын КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт», – деп айтылат документте.

Эскерте кетсек, ЖТП – КРгы ийгиликтүү иш алпарган Биримдиктердин бири болуп саналат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 2020-жылы Жогорку технологиялар паркынын 50 компаниясы өлкөнүн бюджетине 36 млн 117 миң сом төккөн. Ал эми 2021-жылы ЖТПнын резиденттери социалдык чегерүүлөрдү кошкондо дээрлик 24 млн сомдон ашык мамлекетке салык төлөгөн.

ЖТПнын резиденттеринин 2013-2019-жылдар аралыгындагы жылдык кирешеси

5 жылдык отчет ЖТПнын берген маалыматына ылайык көрсөтүлдү

Парктын 2021-жылдын экинчи кварталы боюнча отчетунда  ЖТПда 83 резидент компания иштейт жана алар 963 адамды жумуш менен камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек