Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди.

Ошондой эле район аймагында 8 473 гектар жерге буудай, 2 596 гектар жерге арпа эгүү пландалган.

Министрлик тарабынан дыйкан-фермерлерге үрөн, күйүүчү-майлоочу материалдар жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү колдоо көрсөтүлүүдө. Ошондой эле адистер тарабынан агротехникалык кеңештер берилип, жумуштардын сапаттуу жүрүшү көзөмөлгө алынган.

"Бул иш-чаралар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана аймактын агрардык потенциалын жогорулатууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти