Бир суроону баарыңыздар бергиңиздер келип турат: эмне үчүн мындай болду, эмне өзгөрдү жана эмне өзгөрөт? – Акылбек Жапаров

Бир суроону баарыңыздар бергиңиздер келип турат: эмне үчүн мындай болду, эмне өзгөрдү жана эмне өзгөрөт? – Акылбек Жапаров

«Кечээ эле ушул залда сиздердин катарыңыздарда отургам, бүгүн, башкы талапкер катары келдим. Бир суроону баарыңыздар бергиңиздер келип турат: эмне үчүн мындай болду, эмне өзгөрдү жана эмне өзгөрөт?» – деген сөзү менен бүгүн, 13-октябрда Министрлер кабинетинин жаңы төрагасы жана президенттик аппараттын жетекчисинин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров ЖКнын жыйынында сөзүн баштады.

«Эмне үчүн мындай болду, эмне өзгөрдү, эмне өзгөрөт? Биз өзгөрдүк, заман өзгөрдү, доор алмашты. Туура бир жыл мурда бийлик алмашты. 3 революцияга күбө болдук. Бирок бир дагы революциядан кийин мамлекеттүүлүктү жоготуп алган жокпуз. Бийликти алмаштыруунун лимитин түгөтүп албадыкпы? Бийлик күтүүсүздөн идеалдуу болуп калбайт, болбойт, болгон да эмес, болгону баарыбыз саясатташып кеттик. Ал эми бизди курчап турган аалам кескин өзгөрдү» – деди ал.

Ошондой эле ал программасы тууралуу да билдирди.

«Мен экономикадагы кырдаалды кылдап талдап чыктым жана төмөнкүдөй тыянакка келдим. Биринчи өнүктүрүүнүн 4 вектору боюнча аракет кылуубуз керек. Алар экономиканын башкы секторлорунун өнүгүшүнө түрткү берчү натыйжаларды камсыз кыла алат», – деди ал.

Анын айтканына таянсак, Министрлер кабинети төмөнкү багытта иш алпарат:

  • Экономиканы фискалдаштыруу жана санариптештирүү
  • Айыл-чарбасын реформалоо жана азык-түлүк менен камсыз кылуу
  • Чакан жана орто бизнести колдоо
  • Көмүскө экономика менен күрөшүү
  • Региондордун инфраструктуралык түзүмдөрүн, туризмди жакшыртуу.

Тышкы экономика боюнча багытта болсо Жапаров эркиндиктин төрт баскычын камсыз кыла тургандыгын убадалады.

  1. Товарлардын эркин жүрүүсү
  2. Элдин эркин жүрүүсү
  3. Капиталдын эркин жүрүүсү
  4. Технологиялардын эркин жүрүүсү.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек