Кыргызстандыктардын 26%ы гана инвестициялоо тажрыйбасына ээ
Сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 26%ы гана инвестициялоо тажрыйбасына ээ. Кыргызстандын тургундары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына негизделген мындай маалыматтарды HeadHunter компаниясы берет.
Белгилүү болгондой, кыргызстандыктардын 62%ы аракет кылгысы келет, бирок азырынча тобокелге барууга даяр эмес, 13%ы болсо инвестициянын маанисине кызыгышпайт деле.
Инвестициялык тажрыйбасы барлар көбүнчө кыймылсыз мүлккө (33%), андан кийин валютага (25%), акция менен баалуу кагаздарга (17%) жана криптовалютага (17%) инвестиция салышат. Респонденттердин дагы 8% бизнеске, стартаптарга жана айыл чарбасына инвестиция салаарын билдиришкен.
Көбүнчө кыргыздар пассивдүү кирешени ушундай жол менен алууну үмүттөнүшөт (75%). Кээ бирлери бул кадамга негизги кирешеси керектөөсүнө жетпегендиктен барышканын (25%) айтышкан.
Ошол эле учурда респонденттердин 58% өз алдынча инвестициялоону үйрөнүшкөн, 17% адистештирилген тренингдерге жана курстарга катышкан, ал эми 25% дагы эле окуп жатышат.
Дээрлик ар бир адам качандыр бир убакта инвестициядан түшкөн киреше менен жашоону кыялданат, бирок сурамжылоого катышкандардын 17%ы гана инвестициядан түшкөн кирешеге толук канааттанат. Респонденттердин 50%ы жарым-жартылай канааттанган, 25%ы такыр канааттанбайт. 8%ы азырынча алгачкы инвестициялык кирешесин ала элек.