Россия КРга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт

Россия КРга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт

Россия Кыргызстанга бажы төлөмдөрүсүз берген бензиндин жана дизелдин көлөмүн көбөйтөт. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү протоколго бир кечээ, 12-октябрда кол коюлган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан документке экономика жана каржы министринин орун басары Эльдар Алишеров, орус тараптан – энергетика министринин орун басары Павел Сорокин кол коюшту.

Стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алуу менен, КРгы мунай продуктыларына бааны турукташтыруу максатында, эки тарап 2021-жылга мунай продуктуларынын индикативдик балансын тууралашты жана 2022-жылга карата индикативдик баланска кол коюшту.

Тактап айтканда, бензиндин бажы төлөмсүз келген көлөмү 460тан 650 миң тоннага чейин (+190 миң тонна), дизель майы 485тен 550 миң тоннага (+65 миң тонна) чейин көбөйөт.

Белгилей кетсек, акыркы убакта Кыргызстанда бензиндин баасынын жогорулашы байкалууда. Сентябрда Кыргызстанда бензиндин баасы россиялык бензинге салыштырмалуу 2-3 сомго кымбаттаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда 200 гектар жерге буудай, арпа эгилди

Ноокат районунда аба ырайына байланыштуу быйыл себүү иштери 10–15 күнгө эрте башталганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата райондо 200 гектардан ашык жер айдалып, анын ичинен 120 гектарына буудай, 36 гектарына арпа себилди. Ошондой эле район аймагында 8 473

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

С.Жапаров: Быйыл "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа базасы иштеп баштайт

Ысык-Көл облусундагы эң ири "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилерин президент Садыр Жапаров бүгүн "Ынтымак Ордодо" өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Президенттин айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт. "Ошондой эле долбоор өлкөнү эл

Кыргызстан  2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Кыргызстан 2 млрд 385 млн сомго 3 учак сатып алды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков республикалык жыйында авиация тармагындагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, аэропорттор өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 2 млрд 385 млн сомго үч учак сатып алышты. "Жакынкы убакта авиапаркты De Havilland Canada Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү бир учак

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 2026-жылы 1,8 млрд сомго көбөйөт

Ош шаарында 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5 млрд 205 млн сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 млрд сомго көп экенин Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук угууга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, мэрдин биринчи орун басары Оморбек