«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров

«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров

«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров Азаттыкка билдирди. Бирок алар Кыргызстандын 26% акциясына кызыкдар.

Швейцариянын Женева шаарындагы Кумтөр кени тууралуу «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду аяктаганы менен анын мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат айтылган эмес. Буга эки тараптын сүйлөшүүнүн жыйынтыгын купуя сактоо келишими себеп болгон.

Бирок Министрлер кабинетинин 12-октябрда жаңы дайындалган төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» учкай маек куруп, бул маселе боюнча маалыматтын четин чыгарды. Анын айтымында, канадалык компания Кыргызстандан чыгып кете турганын билдирген. Бирок алар шарт койгон.

 «Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. «Центерра» менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок «силер 26% акцияңарды бизге берсеңер» деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

«Центерра» компаниясы Акылбек Жапаровдун айтканы боюнча комментарий бербей турганын билдирди.

Швейцариянын Женева шаарында 29-30-сентябрда өткөн сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын Акылбек Жапаров баштап барган. Анын курамында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер болгон. Экинчи тараптан барган топтун башында «Центерра Голд» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри турган.

Мындан тышкары окуңуз

С.Жапаров: Ипотекалык турак жай курууга 400 млн доллар бөлүнөт

С.Жапаров: Ипотекалык турак жай курууга 400 млн доллар бөлүнөт

Бүгүн “Ынтымак Ордодо” өтүп жаткан республикалык кеңешмеде Президент Садыр Жапаров быйыл ипотекалык турак жай курууга 400 млн доллар каралганын билдирди. Анын айтымында, каражат тең бөлүштүрүлөт. 200 млн доллар түштүк аймактарына, 200 млн доллар түндүк аймактарына багытталат. Мамлекет башчысы мындай ыкма былтыр да колдонулганын белгилеп, өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактары бирдей

БШК мүчөлөрү 12ден 7ге кыскарат

БШК мүчөлөрү 12ден 7ге кыскарат

Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын(БШК) курамын 12ден 7 мүчөгө чейин кыскартууну караган конституциялык мыйзам долбоору киргизилди. Документ депутаттар тобу тарабынан даярдалган. Долбоор 2025-жылдын 30-декабрындагы президенттин мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана бюрократиялык жүктү азайтуу тууралуу жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, курамды кыскартуу комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, чечим кабыл алууну

Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын адистери үчүн техникалык жөнгө салуу жана продукциянын Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине шайкештигин баалоо боюнча семинар-консультация өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Стандартташтыруу жана метрология борборунун, курулушта сертификаттоо боюнча республикалык борбордун, байланыш тармагын сертификаттоо

10 сотых жерден 60 күндө 5 тоннадан ашык дарбыз өндүрдүм – фермер Эмир Жаманбаев

10 сотых жерден 60 күндө 5 тоннадан ашык дарбыз өндүрдүм – фермер Эмир Жаманбаев

Акыркы жылдарда Кыргызстанда жеңил жашоону эңсеп сыртка чыгып кетпей тескерисинче дыйканчылык менен киреше табууга ыктаган жаштардын саны арбып баратканы кубандырат. Алардын  катарында өткөн жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы 10 сотых жерге дарбыздын поларис жана гибриддик визирь сортун эгип, мол түшүм алган Эмир Жаманбаев да бар. Жаш фермер дарбыз айдаганга чейин