Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын адистери үчүн техникалык жөнгө салуу жана продукциянын Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине шайкештигин баалоо боюнча семинар-консультация өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага Стандартташтыруу жана метрология борборунун, курулушта сертификаттоо боюнча республикалык борбордун, байланыш тармагын сертификаттоо органынын, ошондой эле сертификаттоо органдарынын ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Семинарда техникалык жөнгө салуу мыйзамдарын колдонуудагы практикалык маселелер, тышкы экономикалык ишмердүүлүктө продукциянын техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкештигин тастыктоо тартиби жана сыноо үчүн продукциянын үлгүлөрүн алып келүү жол-жоболору талкууланды.

Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо шайкештик сертификаттары менен декларацияларынын аныктыгын текшерүү жана ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү каралды.

Тараптар бажылык жол-жоболоштуруудагы актуалдуу маселелерди талкуулап, ички рынокко кирген продукциялардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташууну күчөтүүгө макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media