Улуттук банк кезектеги интервенциясын жасады – 30.2 млн доллар

Улуттук банк кезектеги интервенциясын жасады – 30.2 млн доллар

Кечээ, 14-октябрда Улуттук банк доллар сатуу боюнча кезектеги интервенциясын ишке ашырды. Жогорку суроо-талапты канааттандыруу үчүн коммерциялык банктарга 30.2 млн доллар сатылган.

10 млн долларды сатуу бүтүмү жасалган күндөгү эсептешүүлөр менен жүргүзүлгөн, 20.2 млн доллар болсо чечим кабыл алынгандан башка күнү жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, мурдагы күнү valuta.kg порталынын маалыматы боюнча, Бишкекте америкалык валютанын орточо сатуу курсу 84.9 сомду түзгөн.

Быйыл жасалган 9 интервенцияда, УБ доллардын курсун кармаш үчүн эл аралык резервдерден 341.35 млн доллар сарптады.