КРда кубаттуулугу 100 МВт болгон бир нече чакан ГЭСтер курулууда

КРда кубаттуулугу 100 МВт болгон бир нече чакан ГЭСтер курулууда

Кыргызстанда ишке киргизилгенден кийин жалпы кубаттуулугу 100 МВттан ашкан чакан ГЭСтердин курулушу активдүү фазада жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда канча чакан ГЭС курулуп жатканын министрлик так айткан жок. Ал ГЭСтер Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош аймактарында курулуп жатканын гана белгилешти. Берилген маалыматка ылайык, бул станцияларды жергиликтүү компаниялар чет элдик инвесторлорду тартуу менен куруп жатышат.

Энергетика министрлиги энергияны кайра жаратуучу булактарынын (РЭБ) субъекттери жабдууларды импорттоодо КНСтен жана киреше салыгынан бошотулганын (беш жылга чейин) белгиледи. Ошондой эле мамлекет өндүрүлгөн электр энергияны 10 жыл бою сатып алууга кепилдик берди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 54 МВт болгон 19 чакан ГЭС иштейт, бирок 100дөн ашык чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгү бар. Жалпысынан алганда, өлкөнүн чакан дарыяларынын гидро ресурстарын иштетүү жалпы сумманын 1.27%ын гана түзөт, ал эми потенциалы 1 млн МВттан ашат.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыш башкармалыгынын башчысы Улукман Максүтов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге өскөн. Импорттун негизги бөлүгүн фармацевтикалык

Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт

Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт

Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская” көмөк чордону учурда эки күчтүк трансформатор менен иштеп жатат. 2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылган. Быйыл дагы бир 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Натыйжада көмөк чордонунун кубаттуулугу 15 МВАга жогорулап, жалпы кубаттуулук

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен жолугушту. ЕБ өкүлү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына билдиришти. Тараптар санкциялык маселелер боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап тышкы экономикалык операцияларда комплаенс, финансылык мониторинг жана көзөмөл чаралары