Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен жолугушту. ЕБ өкүлү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына билдиришти.

Тараптар санкциялык маселелер боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап тышкы экономикалык операцияларда комплаенс, финансылык мониторинг жана көзөмөл чаралары күчөтүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле экспорттук жана финансылык көзөмөл боюнча бардык катышуучулардын жоопкерчилиги, анын ичинде контрагенттерди текшерүү жана товарлардын акыркы колдонуучусун аныктоо маанилүү экени белгиленди.

Финансы сектору боюнча коммерциялык банктарда контролдук механизмдерди күчөтүү жана тобокелдүү транзакцияларды бөгөттөө чаралары тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар техникалык кызматташууну жана диалогду улантууга макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Садыр Жапаров жана Байрам Бегай этномаданий программа менен таанышышты

Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай 19-июнда, анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” амфитеатрында өттү. Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарындагы катуу шамалдан эки киши жабыркады

Манас шаарында 18-июнда катталган катуу шамалдын кесепетинен төрт дарак сынып, эки адам жабыркады. Жабыркаган адамдардын абалы канааттандырарлык экени маалымдалды. ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, катуу шамалдан 7 көп кабаттуу турак үйдүн чатыры жабыркаган. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын айынан 8 турак үйдүн короосун суу каптаган. Окуя болгон жерге Өзгөчө

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көлдө энергетиктерге 5 даана атайын техника тапшырылды

Ысык-Көл электр тармактары ишканасына 5 даана жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда энергетикалык тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда. Анын негизинде аталган ишкананын техникалык паркы 5 даана жаңы атайын техника менен толукталып, райондук бөлүмдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга бөлүштүрүлдү. Тактап айтканда,

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Аскар Акаев Эл аралык  Ысык-Көл форумуна катышууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууда.  Жыйын алкагында заманбап билим берүү, идеологиялык тушоодон бошонуу, жогорку технология доорундагы адамдын жоопкерчилиги, жасалма интеллект доорундагы медианын ролу, гуманизм жана маданияттын миссиясы жана башка темалар талкууланат. Ысык-Көл эл аралык форуму 18-июнда башталып, ачылыш аземине президент Садыр Жапаров