10 миң литр бензин 2 млрд 840 млн сомго алынат. Тендер жарыялаган мамлекеттик кызматкердин жообу

10 миң литр бензин 2 млрд 840 млн сомго алынат. Тендер жарыялаган мамлекеттик кызматкердин жообу

Бишкек шаарынын Ленин районунун күзөт бөлүмү мамлекеттик сатып алуу порталында АИ-92 бензининин 10 миң литрин 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга жарыялаган тендердин баасы тууралуу комментарий берди.

Эске салсак, ИИМдин мамлекеттик атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Бишкектеги Ленин районунун күзөт бөлүмү АИ-92 бензининин 10 миң литрин 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга 15-октябрда тендер жарыялаган. Бул  маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган болчу.

Economist.kg аталган бөлүм кантип 1 литр күйүүчү майга 284 миң сом төлөй тургандыгын билүү үчүн Ленин районунун күзөт бөлүмүнө кайрылды.

Аталган бөлүмдүн улук инспектору Курал Баймырзаевдин айтымында, жазылган баа туура эмес кетип калган жана күнөө сатып алуулар порталында.

«Биз маалымат жарыялангандан 1 саттан кийин эле өзгөртүү киргизгенбиз, бирок мамлекеттик сатып алуулар порталында ал сан өзгөрбөй тура берет экен. Биз АИ-92 бензининин 10 миң литрин 58.5 сомдон 585 миң сомго эле сатып алууну эле көздөп жатканбыз», – деди ал.

Техникалык ката кантип кетти, 2 млрд 840 млн сом менен 585 миң сомдун айырмасы чоң болуп турат, кошумча, анчалык деле окшош сандар эмес го деген сурообузга «артында нөлдөр кошулуп кетиптир» деген жообун берди.

«Биздин планыбызда андай акчабыз жок да, негизи портал өткөрбөш керек болчу. Артына жанагы нөлдөр кошулуп кетиптир. Биз бул тендерди жарыялаганга чейин мониторинг жүргүзгөн болчубуз. 10 тоннасын 585 миң сомго эле сатып алмакпыз», – деди улук инспектор.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын бардык телефондору өчүк болгондуктан, кандайдыр бир маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Мындан тышкары окуңуз

БШК мүчөлөрү 12ден 7ге кыскарат

БШК мүчөлөрү 12ден 7ге кыскарат

Жогорку Кеңешке Борбордук шайлоо комиссиясынын(БШК) курамын 12ден 7 мүчөгө чейин кыскартууну караган конституциялык мыйзам долбоору киргизилди. Документ депутаттар тобу тарабынан даярдалган. Долбоор 2025-жылдын 30-декабрындагы президенттин мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана бюрократиялык жүктү азайтуу тууралуу жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан. Демилгечилердин айтымында, курамды кыскартуу комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, чечим кабыл алууну

Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Импортко көзөмөл күчөтүлөт: техникалык талаптар боюнча семинар өттү

Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгы Мамлекеттик бажы кызматынын адистери үчүн техникалык жөнгө салуу жана продукциянын Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерине шайкештигин баалоо боюнча семинар-консультация өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Стандартташтыруу жана метрология борборунун, курулушта сертификаттоо боюнча республикалык борбордун, байланыш тармагын сертификаттоо

10 сотых жерден 60 күндө 5 тоннадан ашык дарбыз өндүрдүм – фермер Эмир Жаманбаев

10 сотых жерден 60 күндө 5 тоннадан ашык дарбыз өндүрдүм – фермер Эмир Жаманбаев

Акыркы жылдарда Кыргызстанда жеңил жашоону эңсеп сыртка чыгып кетпей тескерисинче дыйканчылык менен киреше табууга ыктаган жаштардын саны арбып баратканы кубандырат. Алардын  катарында өткөн жылы Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы 10 сотых жерге дарбыздын поларис жана гибриддик визирь сортун эгип, мол түшүм алган Эмир Жаманбаев да бар. Жаш фермер дарбыз айдаганга чейин

Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Бишкекте 12 миллион сомдук алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

20-февралда Свердлов РИИБине 1955-жылы туулган Л.К. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн УКМКнын кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар алдоо жана ишенимге кирүү жолу менен 12 млн сом акчасын ээлеп алышкан. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек РИИББинин кылмыш иликтөө