Бюджеттен 480 млн сом бергиле, врачтарга беребиз – Саламаттыкты сактоо министри

Бюджеттен 480 млн сом бергиле, врачтарга беребиз – Саламаттыкты сактоо министри

Бүгүн, 19-октябрда, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бюджеттен министрликтин социалдык фондуна 480 млн (5 млн 650 миң доллар) жана «кызыл зонада» иштеген врачтарга 100 млн сом (1 млн 200 миң доллар) сурады. Кошумча алардын сентябрь айындагы айлык акысы бериле электигин айтты.

Кошумчалай кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев комитетте министрликтин тескемесин жардамчысынын жардамы менен такалып жатып окуду.

Депутат Тариел Жоробеков министрге медициналык кызматкерлерге убагында компенсация төлөнбөй жаткандыгын айтып, бир топ суроолорду берип, 480 млн сом кайсы жака кетерин сурады.

Министр 280 млн сом карыз бар экендигин, алынуучу каражат августтан баштап 2022-жылдын январына чейин бериле тургандыгын, 243 млн сомдун 230 млн сому берилгендигин, учурда министрликтин бюджетинде 13 млн сом бар экенин билдирди.

Тариел Жоробеков бардык документтерди бүтүрүп бергенине карабай, медициналык кызматкерлер компенсация ала албай жүрүшкөнүн айтты.

«Сиз дайыма ушинтип жооп бересиз. Министр катары айткан убадаларыңызды аткара элексиз. Жетекчилик кызматта турганда жоопкерчилик болуш керек, айтылган сөздү аткарыш керек. 2020-жылы ноябрда ооруган медиктер 2021-жылы 1-июнда сиз айтып жаткан документтердин баарын бүтүрүп берген, андан бери 5 ай болду, эмнеге берилбей жатат? Кудайды карап калп айтпайсыңарбы? Акча бар экен, өзүңөрдүн коллегаңарды аяп, убагында берип койсоңор болбойбу», – деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри бүгүн эле жыйын өткөрүп, ким ката кетиргенин табууга сөз берди.

Бюджеттен суралган 480 млн сомду берүүнү комитетте бир добуштан колдоп беришти.

Кошумча окусаңыз болот:

Министр-бизнесмен – Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай бизнестерге ээлик кылат?

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан

Былтыр Кыргызстан менен Пакистандын соода жүгүртүүсү 16 млн доллардан ашкан

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 млн доллардан ашты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыш башкармалыгынын башчысы Улукман Максүтов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2021-2025-жылдар аралыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү дээрлик эки эсеге өскөн. Импорттун негизги бөлүгүн фармацевтикалык

Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт

Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт

Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская” көмөк чордону учурда эки күчтүк трансформатор менен иштеп жатат. 2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылган. Быйыл дагы бир 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Натыйжада көмөк чордонунун кубаттуулугу 15 МВАга жогорулап, жалпы кубаттуулук

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт

Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү. Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Кыргызстан менен Евробиримдик санкциялар жана банк секторун талкуулашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен жолугушту. ЕБ өкүлү Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматына билдиришти. Тараптар санкциялык маселелер боюнча пикир алышты. Кыргыз тарап тышкы экономикалык операцияларда комплаенс, финансылык мониторинг жана көзөмөл чаралары