Президенттин Администрациясынын жооптуу катчысы кармалды – УКМК
УКМК пара талап кылуу фактысы боюнча президенттин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апеновду кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Берилген маалыматка таянсак, президенттин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы Таалайбек Апенов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында, соттолгон адамдын маселесинин оң тарапка чечем жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.
УКМК азыркы учурда тергөө жүрүп жаткандыгын маалымдады.