Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган

Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган

2020-жылы республикалык бюджетке тамеки продукттарынан 6 млрд сом акциздик салык түшкөн эмес. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.

Көзөмөл органдын берген маалыматына ылайык, аналитикалык эсептөөлөр боюнча 10.7 млрд сом салык түшүш керек болчу. Бирок өткөн жылы бюджетке 4.7 млрд сом гана түшкөн.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) статистикалык маалыматтары көрсөткөндөй, күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) жана азык-түлүк продуктулары боюнча маалыматтардын туура берилбегендигинен улам, бюджетке 887 млн сом КНС жана акциздик 511 млн сом салык түшпөй калган.

Салык кызматынын маалыматында, Улутстаткомдун 2020-жылдагы күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча маалыматына салыштырмалуу айырма 13.2 млрд сомду түзөт. Тагыраак айтканда, күйүүчү жана майлоочу майларды сатууда бюджетке болжол менен 1.6 млрд сом салык түшпөй калуу тобокелчилиги бар.

Салык кызматынын маалыматтары менен Улутстаткомдун ун сатуунун көлөмү боюнча маалыматтарынын дал келбестиги 24.6 млрд сомдон ашык сумманы түздү, бул болжол менен 3 млрд сом КНС төлөнбөй калган дегенди билдирет.

Жалпысынан аудит 2020-жылы салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу планы 99.8%га аткарылганын, бирок бюджетке 122 млн сом түшпөй калганын аныктады. Салык базасы боюнча жүргүзүлгөн аналитикалык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин кирешелеринин резервдери жана жоготуулары 12 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн.

Министрлер Кабинетине акциз салыгын бюджетке толук түшүрүү үчүн тамеки буюмдарынын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

2025-жылы АКШдан 1930-жылдан бери алгач ирет келгендерге караганда кеткендердин көбөйүшү Улуу депрессия мезгилинен бери биринчи жолу катталды. Brookings Institution маалыматына ылайык, аталган жылы таза терс миграциялык өсүш байкалган: болжол менен 150 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. 2026-жылы калктын агымы мындан ары да көбөйөрү күтүлүп жатат. The Wall Street Journal жазгандай,

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгына ылайык, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилгенин алкагында инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер жабдууларды туура пайдалануу, маалыматтарды

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат. Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа