Эми мэр жана акимдерди президент дайындайт

Эми мэр жана акимдерди президент дайындайт

Эми мэр жана акимдерди президент дайындайт. Анткени президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, Аким кызматка президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультациясы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Мындан тышкары, аким айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындап жана кызматтан бошото алат.

Ошондой эле Акимдерге статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер жана жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынан тышкары мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча отчетторун угуу укугу берилди.

Облустук жана республикалык маанидеги шаар мэрлерин да президент дайындайт.

Квалификациялуу жана тажрыйбалуу жетекчилерди кызматка тартуу максатында аким, анын орун басарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга чейин узартылды.

Аким, мэр жана айыл өкмөт кызмат ордуна талапкерлерге Мыйзам менен квалификациялык талаптар жана чектөөлөр каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан

Жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2%га өсүү менен 477,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, банк секторунун суммардык активдери 38% өсүү менен 1 125,2 млрд сомду, ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

2025-жылдын 17-декабрында Кабул шаарында Экономика министри Бакыт Сыдыков Авганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан карбалашты. Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкууга алынган. Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик

№195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

№195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

Коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен, 2025-жылдын 19-декабрынан тарта №195 каттамдын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бул чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүнү максат кылып, өлкө боюнча жалпы 385 ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүп жатат. Ысык-Көл облусунда 6 соода-логистикалык борбор жана 66 кайра иштетүүчү ишкана пландалган. Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүгүнө