Кыргызстанга тыштан 2 млрд кВт/с электр энергиясы керек

Кыргызстанга тыштан 2 млрд кВт/с электр энергиясы керек

Күз-кыш мезгилин өткөрүүгө Кыргызстанга 2 млрд кВт/с жакын электр энергиясын импорттоо керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кечээ, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул чыгымдарды жабуу үчүн каржы булактары бар. Аалиев, министрлер кабинети Казакстан, Орусия, Түркмөнстан, Өзбекстан менен электр энергиясын алуу боюнча ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады. Түркмөнстан менен келишимдердин алкагында 500 млн кВт/с электр энергиясы импорттолот.

Ал белгилегендей, 1-октябрда суунун аздыгынан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12.3 млрд куб метрди түзгөн, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2.9 млрд кубга аз.

«Бул республиканын энергетикалык системасы үчүн белгилүү бир тобокелчиликтерди жаратат, анткени күз-кыш мезгилинде биз электр энергиясын өндүрүү үчүн болжол менен 7-8 млрд куб метр сууну колдонобуз жана жылытуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча суунун деңгээли «өлүк көлөмгө» түшпөш керек», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

2025-жылы АКШдан 1930-жылдан бери алгач ирет келгендерге караганда кеткендердин көбөйүшү Улуу депрессия мезгилинен бери биринчи жолу катталды. Brookings Institution маалыматына ылайык, аталган жылы таза терс миграциялык өсүш байкалган: болжол менен 150 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. 2026-жылы калктын агымы мындан ары да көбөйөрү күтүлүп жатат. The Wall Street Journal жазгандай,

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгына ылайык, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилгенин алкагында инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер жабдууларды туура пайдалануу, маалыматтарды

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат. Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа