Руслан Суйналиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Руслан Суйналиев Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Руслан Суйналиев Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буйрукка 19-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кечээ, 20-октябрда Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырды.

Руслан Суйналиев бул кызматка дайындалганга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык Свердлов району боюнча башкармалыгын жетектеген. Салык кызматында 25 жылдан бери иштейт. Кызматтык карьерасын катардагы инспектор, башкы инспектордон баштап МСКнын Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча бир катар аймактык башкармалыктарынын башчысынын орун басары жана башчысы кызматтарын аркалап келген.

Мындан тышкары окуңуз

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

АКШда жылдан жылга америкалыктардын сыртка карай агымы өсүп жатат

2025-жылы АКШдан 1930-жылдан бери алгач ирет келгендерге караганда кеткендердин көбөйүшү Улуу депрессия мезгилинен бери биринчи жолу катталды. Brookings Institution маалыматына ылайык, аталган жылы таза терс миграциялык өсүш байкалган: болжол менен 150 миң адам өлкөдөн чыгып кеткен. 2026-жылы калктын агымы мындан ары да көбөйөрү күтүлүп жатат. The Wall Street Journal жазгандай,

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү

Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Жерди көзөмөлдөө инспекторлору боди-камераларды колдоно баштайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгына ылайык, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору кызматтык милдеттерин аткарууда боди-камераларды колдонушат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бул демилгенин алкагында инспекторлор үчүн боди-камераларды колдонуу тартиби жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Адистер жабдууларды туура пайдалануу, маалыматтарды

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Төө-Ашууда кар көчкүнү атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайлап түшүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Иш-чаранын алкагында №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, кызматкерлер ыкчам аракет көрүүгө даярдыкта турушат. Кар көчкүнү түшүрүү иштерине байланыштуу саат 09:00дөн тартып Бишкек–Ош унаа