«Шоро» компаниясы өндүрүшүн кеңейтүү үчүн ОКӨФ кредит берет

«Шоро» компаниясы өндүрүшүн кеңейтүү үчүн ОКӨФ кредит берет

«Шоро» ЖАК Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) менен кредиттик келишимге кол койду. Компания алган каражатты өндүрүштү кеңейтүүгө жумшайт. Бул тууралуу ОКӨФтүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, компания сүттү кайра иштетүү жана Россияда жасалган сүт азыктарын өндүрүү боюнча заманбап, жогорку өндүрүмдүү жабдууларды сатып алууну көздөөдө.

«Шоро» улуттук суусундуктарды, бөтөлкөдөгү сууну жана башка улуттук продукцияларды өндүрүү боюнча лидер болуп саналат. Компания тамак-аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарга ылайык, улуттук суусундуктарды жана башка сүт азыктарын өндүрүүнү көбөйтүүнү пландап жатат. Сүттү кайра иштетүүнүн суткалык көлөмү 20 тоннаны түзөт, бул кеминде 200 дыйкан чарбасынын туруктуу иштешин камсыздайт.

«Бул инвестициялык долбоор даяр продукциянын көлөмүн кыйла көбөйтөт жана Чүй облусунда жаңы кластердик долбоорду түзөт. Бул КРнын экономикасынын кластердик өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет», – деп баса белгиледи фонддун төрагасы Артем Новиков.

Компания даяр продукциясын экспорттоо менен алектенет жана жаңы өндүрүш ишканасынын ишке кириши экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет, ошондой эле жаңы рынокторго чыгууга жол ачат. Долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүн көбөйтүү аркылуу Кыргызстандын экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизет. Ошол эле учурда жергиликтүү фермерлерден чийки зат сатып алуу кошумча жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, өндүрүлгөн сүттүн көлөмү менен сапатын жогорулатууга стимулдаштырат деп эсептейт уюм.

Мындан тышкары окуңуз

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан

Жыл башынан бери кыргызстандыктар 477,7 млрд сом насыя алышкан

Жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2%га өсүү менен 477,7 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, банк секторунун суммардык активдери 38% өсүү менен 1 125,2 млрд сомду, ал эми кардарлардын жалпы депозиттик базасы

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

2025-жылдын 17-декабрында Кабул шаарында Экономика министри Бакыт Сыдыков Авганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан карбалашты. Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкууга алынган. Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик

№195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

№195 каттамдын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү

Коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен, 2025-жылдын 19-декабрынан тарта №195 каттамдын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бул чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүнү максат кылып, өлкө боюнча жалпы 385 ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүп жатат. Ысык-Көл облусунда 6 соода-логистикалык борбор жана 66 кайра иштетүүчү ишкана пландалган. Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүгүнө